Жапаровдун Казакстандагы расмий сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Сапар учурунда эки тараптуу ар кыл тармактагы өз ара кызматташууну тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапары аяктап, Бишкекке кайтып келгенин анын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, өлкө башчысы Казакстанда 18-19-апрелде болду.
Кечээ Жапаровду Астананын эл аралык аэропортунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчылары Астана шаарында эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертин көрдү.
19-апрелде Жапаров менен Токаев тар жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анда лидерлер соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелерин талкуулаган.
Тар курамдагы жолугушуудан кийин президенттер Кыргыз жана Казакстандын мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынын өткөрүшкөн. Жыйынтыгында эки тараптуу ар кыл тармактагы өз ара кызматташууну тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюлду.
Расмий сапардын алкагында Токаев Жапаровго І даражадагы Достык орденин тапшырды. Ал кыргыз президентинин эки элдин боордоштугун бекемдөөдөгү ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.
Жапаров иш сапарынын алкагында Манастын айкелинин ачылыш аземине катышкан. Мамлекет башчы бул күн кыргыз эли үчүн өзгөчө экенин айтып, "Манас" эпосун сактоого жана изилдөөгө Казакстан элинин кошкон салымын таануу маанилүү экенин белгилеген. Президент эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталарына ишенимин билдирген.
Жапаров сапарынын аягында Казакстандын космостук ишмердиги чөйрөсүндө тармактар аралык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген "Казакстан Гарыш сапары" Улуттук компаниясына барган.
Садыр Жапаров Казакстандагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады