РФ Коргоо министрлигинин ыр-бий ансамбли кыргызстандыктарга концерт тартуулайт

Концертке кирүү акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун ыр-бий ансамбли Кыргызстанда концерт коёт. Бул тууралуу РФтин Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 25-апрелден 3-майга чейин аталган ансамбль Кыргызстандын бир катар аймактарына барып концерт коёт. Иш-чара Жеңиш майрамына карата уюштурулууда.
Убакыт-сааты:
25-апрель, саат 18:00 – Талас шаарындагы облустук музыкалык драма театры;
27-апрель, саат 17:00 – Кара-Балта шаарындагы маданият үйү;
28-апрель, саат 18:00 – Бишкек шаарындагы "Ынтымак" паркында;
29-апрель, саат 17:00 – Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театры;
30-апрель, саат 17:00 – Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры;
2-май, саат 17:00 – Чүй облусундагы Арашан айылындагы орто мектепте;
3-май, саат 17:00 – Чүйдүн Ленин айылындагы борбордук аянтында.
Бардык концертке кирүү акысыз. Ансамбль 1939-жылы түзүлгөн, репертуарында мекенчилдик сезимди ойготкон, Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган, орус элинин улуттук ырлары, заманбап лирикалык чыгармалар, эстрадалык ырлар жана кыргыз тилиндеги чыгармалар бар.
Пресс-борбор
Бишкекте өтө турган "Өлбөс полк" жүрүшүнүн маршруту белгилүү болду