БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Астанада президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин делегациялардын курамы менен тааныштырып, сүйлөшүүлөрдү баштаган.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар мерчемделгени айтылган.
Ал эми кечээ иш сапардын алкагында "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенциянын тегерек столу болуп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган топ катышкан.