Радио

Министрлик: өлкөдө жүзүмчүлүк жана жүгөрү агрокластери түзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Аскарбекова Кыргызстанда жалпысынан 18 агрокластер иштеп жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө жүзүмчүлүк жана жүгөрү кластерлери түзүлүп, тармакты өнүктүрүү пландары коюлду. Бул тууралуу Дамира Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жүгөрү өндүрүшүн жогорулатуу, экспортту өнүктүрүү жана дыйкандарды колдоо үчүн жүгөрү кластерин түзүү талабы коюлган.
"Кыргызстанда 2022-жылдын 26-мартынан тарта министрлер кабинети тарабынан алгачкы тогуз кластерге жеңилдетилген кредит катары 10 миллиард сом каралган. Алгач азык-түлүк коопсуздугун гана камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Башында айыл чарба азыгынын үч гана түрү менен өзүбүздү камсыз кылсак, учурда 6 продукт менен камсыз кылып калдык. Бүгүнкү күндө жалпысынан 18 агрокластер иштеп жатат. Жакында гана жаңы жүзүмчүлүк жана жүгөрү агрокластери түзүлдү. Жүгөрү өндүрүшүн жогорулатуу, экспортту өнүктүрүү жана дыйкандарды колдоо үчүн жүгөрү кластерин түзүү талабы коюлган. Ал эми жүзүмдү Баткен облусунда өстүрүп, кайра иштетүүгө көңүл бурулат", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис агрокластерлерди өнүктүрүү аркылуу Кыргызстандын экспорттук потенциалын да жакшыртууга жол ачылганын кошумчалады.