Париждеги Олимпиада. Күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды

Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте эркин күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды.
Мелдеш үч күн бою эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өтөт.
Париждеги Олимпиада оюндарына 36 лицензия ойнотулуп, финалга чыккан спортчуларга гана берилет.
Бүгүн эркектер арасында эркин күрөш боюнча 12 лицензия ойнотулат. 20-апрелде аялдар арасында, 21-апрелде грек-рим боюнча өтөт.
Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин уланат.
Кыргызстан футзал боюнча Азия чемпиону болгон Японияны утуп алды. Видео