Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия согуштан көрө маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилишин эп көрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россия согуш менен мушташтан көрө сүйлөшүү жолуна ыктап келген. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштери министри Сергей Лавров Sputnik, "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" басылмаларына маек куруп жатып билдирди.
"Президент биз согуш менен мушташка караганда сүйлөшүп чечишүүгө ыктай турганыбызды айтып келет. Сүйлөшүп да көрбөдүк беле. Украинада аскердик операция башталгандан кийин 2-3 жума өткөн соң украиналыктар Донбассты бомбалап, чектен ашып кеткенин түшүнүп, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаганда биз дароо макул болгонбуз", — деди Лавров.
Дипломат Россия сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу айтканын эске салды.
"Аларга ишенчилик жок. Ишенүүгө аракет кылып, сүйлөшүүгө даярбыз дедик. Бирок Стамбул окуясынан кийин диалог мезгилинде согуштук аракеттерде тыныгуу болбойт. Процесс уланышы керек. Экинчиден, реалдуулук өзгөрдү, муну да эске алышыбыз зарыл", — деди дипломат.
Лавров эске ала турчу реалдуулук аскер күчтөрүндөгү абал эле эмес, Россиянын курамына кошулган жаңы территориялар, Конституцияга киргизилген өзгөрүүлөр да камтыларын белгиледи.
ТИМ башчысы Москва Россия менен Украина үчүн ылайыктуу болгон конференция чакырууну сунуштаган Кытайдын позициясына баа берерин кошумчалады.
"Демек, сүйлөшүүнү "Зеленскийдин формуласы" баштабаш керек эле, аны негизи эле четке чыгарып коюш керек. Президент айткандай, эгер каалашса биз эпке келүүгө даяр боло турган негиздерди талкуулайлы", — деп кошумчалады Лавров.
Лавров: Россияны жеңүү керек деген Батыш эмне кыларын билбей күйпөлөктөп жатат