Лавров Армения ЕАЭБден көбүрөөк пайда көрөрүн айтты

Армениянын ЕАЭБге кошкон салымы, анын ичинен финансылык төлөмү башкаларга караганда алда канча аз экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Армения ЕАЭБден баарынан көп пайда табарын айтты.

"Армения бардык жагынан алганда, баарынан арбын пайда көрөт. Бул такталып, эсептелип чыккан. Армениянын экономикасынын 35 пайызы ЕАЭБдин аркасынан жашап жатат. Эгерде былтыркы товар алмашууну алсак 20 миллиард доллардан ашыгы, 37 пайызы Евразиялык экономикалык биримдикке, ал эми он үч пайызы ЕБге, үч пайызы АКШга тиешелүү", — деди Лавров Sputnik радиосуна, "Комсомольская правда" жана "Говорит Москва" ЖМКларга берген маегинде.

"Армения кичинекей мамлекет, ЕАЭБге кошкон салымы, анын ичинен финансылык төлөмү башкаларга караганда алда канча аз. Бирок Евразиялык экономикалык биримдикте добуш берүү маселесине келгенде калган мамлекеттер, анын ичинен Россия менен кошо эле бирдей укукка ээ", — деген министр.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россия согуштан көрө маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилишин эп көрөт