Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Оренбургга гумжардам жөнөтөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Россиянын Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирет. 20 жүк ташуучу фурадан турган "Жардам кербени" 20-апрель күнү жолго чыгат.
Гумжардам элге эң керектүү тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалган.
Кыргызстан Казакстанда селден жабыркагандарга гумжардамдын экинчи партиясын жөнөттү