Ички иштер органдарында ротация жүрүп, бир катар жетекчилер алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери ротацияланды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мурат Боронов Баткен ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Анын ордуна Ош ШИИБдин кызматкери Улан Жукенов барды.
Ал эми Бишкек ШИИББдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Улан Орозалиев Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары, Ысык-Көл ОИИБдин кызматкери Максат Абдымомуновго Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөнү кошумчаланды.
ИИМ бир катар РИИБ башчыларын алмаштырды. Кээ бирин ызы-чуудан кийин кетирди