Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага жолдомо алышты

Эми Кыргызстандын куржунунда жети лицензия бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча балбандар Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев Париж Олимпиадасына жолдомо утушту.
Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте күрөш боюнча лицензиялык турнир өтүп жатат. Бекзат Алмаз уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешип, алгач палестиналык, андан кийин кытайлык атаандаштарын жеңген.
Жарым финалда монголиялык балбан менен кез келип, мелдештин акыркы 20 секундунда жеңишти "сууруп" алды.
Ал эми Эрназар Акматалиев ирактык атаандашын мөөнөтүнөн мурда утуп, андан кийин монголиялык балбанга туш болгон. Соңунда түндүк кореялык спортчуну утуп, жолдомого ээ болду.
Белгилей кетсек, бул — күрөштүн эркин түрү боюнча алынган алгачкы жолдомолор. Ушуну менен Кыргызстандын куржунунуда жети лицензия бар. Буга чейин эл аралык ири мелдешке катышуу укугуна балбандар: Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов ээ болгон.
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду