УКМК Алайда менчикке өткөн 65,4 млн. сомдук автобекетти мамлекетке кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлчө айыл аймагында жайгашкан автобекет 0,42 гектар жер тилкеси жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты менен жеке колго өтүп кеткен. Анын базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзөрү белгиленди.
"Автобекет учурда базар катары иштеп, соода түйүндөрдүн ижарасынан айына 500 миң сомго жакын жеке чөнтөккө түшүп турган. Объект максаттуу пайдаланылбай, такси айдоочулар ар кайсы көчөлөрдө башаламан түйүндөрдү уюштурууга аргасыз болушкан", — деп жазылат маалыматта.
Тергөөнүн натыйжасы менен автобекет 0,42 гектар жер тилкеси, 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты менен ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлгөн.
УКМК: 196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды