Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

Милиция шектүүнүн чагымчыл маалыматтарды таратканын экспертиза тастыктаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалганын Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип кармалган.
"Экспертизанын корутундусуна ылайык, анын соцтармактагы билдирүүлөрүндө массалык нааразылык акцияларын, башаламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга үндөгөн белгилер бар", — деп жазылган билдирүүдө.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Кантта милициянын жаагын сындыра сабаган делип үч киши кармалды