Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Кубат Касеинов болду. Биз айыл чарба түзүмдөрүн каттоо кандай негизде жүрөрү тууралуу баарлаштык.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Кубат Касеинов
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
— Айыл чарба түзүмдөрүн каттоо иши качан башталат? Алгач айрым аймактарда сынамык катары өтсө керек?
— 2023-жылдын 19-мартында министрлер кабинетинин айыл чарбасында каттоо иштерин жүргүзүү токтому кабыл алынган. Пилоттук долбоор катары Араван району менен Чүй облусунун Ысык-Ата району тандалган. Кийинки жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин аталган аймактарда каттоо жүрөт. Эгемендиктин алгачкы мезгилинде, 2002-2003-жылдары, каттоо иштери жүргөн. Адегенде айыл жериндеги айдоо аянттар, көп жылдык жана коллективдүү бактар, менчиктин түрүнө карабастан мамлекеттик, кооперативдик биргелешкен чарбаларда жана жеке фермердик чарбаларда канча жер, канча бак-дарагы бар экени катталган. 2023-жылы аталган чарбаларда канча уй, кой, эчкиден тарта канаттууларына чейин тизмеге алынган. Буга айыл чарба шаймандары, техника, сарайлар камтылган. Ошентип биринчи жылы канча жери, багы, үрөнү бар экендиги аныкталса, кийинки жылы үй жаныбарлары менен канаттууларынан баштап техникаларына чейин катталган. Каттоо — күчтү, каражатты, уюштуруучулукту көп талап кылган чоң иш-чара. Ошондуктан алгачкы жылдары иш кээ бир жерлерде гана кылдат жүрүп, айрым жерлерде мүчүлүштүктөр болгон. Эмне үчүн эки район тандалды? Анткени ал жерде пилоттук эксперименталдык анализ жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө бир адам канча үй-бүлөнү тейлей алары такталат. 2025-жылга бекиген каттоо 25 пунктудан турат. Буга Айыл чарба министрлиги менен Улуттук статистика комитети жооптуу.
— Каттоонун негизги максаты кандай?
— Бул социалдык-экономикалык өсүүгө база болот. Мурда биз Советтер Союзунун курамында элек. Анда союздун статистикалык каттоосу эң жогорку деңгээлде болчу. Он жылда бир жүргүзүлүп, колхоздун малы, техникасы, мүлкүнүн баары иретке келтирилип, колхоздун каттоосунда болуп турган. Ал убакта план толтурулгандыктан жердин аянтын кичирейтип жазып койгон учур болгон. Бирок алардын баарын Статкомитеттин өкүлдөрү аныктаганга аракет кылып келишкен.
— Каттоого кадрлар жетиштүүбү же ыктыярчылар да тартылабы?
— Ыктыярчылар сөзсүз тартылат. 25 пунктудан турган иш-чаранын бир пунктуна ыктыярчыларды тартабыз. 18 жаштан жогору мүмкүнчүлүгү бар жарандар ыктыярчы боло алат. Аларга каражат төлөнүп, коопсуздугу каралат. Калеминен баштап, жүргөн транспортуна чейин камсыздалат. Алгач окутулуп, инструктаж өтүлөт.
— Жер ээсинин ээлик кылуучу документтери жайында болбосо маселени кандай чечесиздер?
— Базага киргизе беребиз, бирок документин тактап алуу жаатында ыктыярчылар да тийиштүү кеңештерин беришет. Айыл тургундары маалыматы аздыгынан билбей калышы мүмкүн. Ошол себептен айыл өкмөттөргө же мэрия кызматкерлерине ушунун баарын иретке келтирүүгө жардам кылабыз.
Дүйнө жүзүндө 1930-жылдардан баштап каттоо системасы жалпы тараган. Ага чейин каттоо айрым мамлекеттерде гана жүрүп келген. Ал эми кыргыздарда союзга чейин эле "баланча байдын түкүнчө кою, төрт түлүк малы бар" деп оозеки каттоо болуп турган. Дүйнө жүзүнүн практикасын алып карасак, ар бир өлкө өз шартына, каражатына жараша белгилүү бир мөөнөттөрдө каттоолорду жүргүзүп келет. Мисалы, Германия менен Голландияда төрт жылда бир саналып келет.
Кубат Касеинов: дүйнө жүзүндө 1930-жылдардан баштап каттоо системасы жалпы тараган. Ага чейин каттоо айрым мамлекеттерде гана жүрүп келген. Ал эми кыргыздарда союзга чейин эле "баланча байдын түкүнчө кою, төрт түлүк малы бар" деп оозеки каттоо болуп турган.
© Sputnik / Алексей Мальгавко
/ — Мал чарбачылыгы да каттоого алынарын айттыңыз. Акыркы кезде асыл тукум мал алып келип жатабыз. Булар өзүнчө катталабы?
— Акылбек Жапаров мурда эле идентификация тууралуу айткан. Ири мүйүздүү малды же болбосо кой-эчкилердин, жылкылардын баары каттоодо болушу керек. Асыл тукум малга да өзүнчө каттоо жүргүзүлүшү шарт. Швецияны алсак, малдын 3-4 асыл тукумуна гана көңүл бөлүшөт. Биздикиндей чаржайыт эмес. Каттоодо мамлекетте канча мүлкүбүз бар экенин билип алабыз. Каттоо үйүндөгү бардык кыймылдуу, кыймылсыз мүлк, техникадан баштап ит-мышыгына чейин жүргүзүлөт. Алдыда каттоону ийгиликтүү жүргүзүп алсак, анан жалпы маалыматтык база түзөт элек. Кагаздарды азайтып, учурда электрондук, маалыматтык тутумга өтүү саясатына бул абдан ыңгайлуу болот. Кайсы жерде эмнебиз бар экени базага кириш керек. Бул Кыргызстандын маалымат базасы болот.
— Шаар жеринде келемиш, жөргөмүш өңдүү сейрек жандыктарды баккандар бар. Мунун баары каттоого алынабы?
— Бул да бирөөнүн менчиги. Иретке келтирүү үчүн үйдө багылып жаткан бардык жандыктар маалымат базасына кириши керек. Мурункуга караганда бизде санариптештирүү жеңил болду. Колго, калем менен жазып, толгон барактарды көтөрүп жүрүп деле каттоо жүргүзүлүп келген. Азыр жеңил. Баары кириши керек.
— Токтомдо айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн жеке ишкерлердин чарбалары жана жеке көмөкчү чарбалар деп жүрөт. Булар кандай негизде катталат?
— Бизде үрөнчүлүк чарбалар, Дыйканчылык илим-изилдөө институту, асыл тукум малдын жана жайыт изилдөө институттарынын өздөрүнүн чарбалары бар. Мамлекетте жалпы кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк болсо, баарын каттоого алууга аракет жасайбыз.
— Өзүңүз билгендей, акыркы учурда чегиртке бизнеси, сөөлжан бизнеси өнүгүп жатат, аларды кандай негизде каттайсыздар?
— Көп өлкөлөрдө балыктын көлмөсүнүн аянтын же жасалма көлмөлөрдүн контейнери катталат. Балыкты же сөөлжанды бирден санабайбыз. Көлмөнүн көлөмүнө жараша чабактардын санын алабыз. Ал эми сөөлжандардын ээлеген орду, аарылар боюнча бал челектердин саны каттоого алынат.
— Каттоо социалдык-экономикалык максатты да көздөй турганын белгиледиңиз. Салык да ушул эсеп менен төлөнөбү?
— Айыл чарбасында салык жок. Жайыттар да ошол аймактын балансына өтүп жатат. Бул жагы да иретке келет. Санариптештирүүдө кандай байлыгыбыз болсо баарын билишибиз керек. Жадагалса шаардын кайсы жеринде кандай бак, качан өстүрүлгөнүнө да маалымат керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажырыйбасын алсак, мисалы, бир эмес багы кайсы жылы, кимдер тарабынан отургузулганы тууралуу маалымат бар. Талап боюнча, биз да иреттеп алышыбыз керек. Купуя маалыматтар да бар. Мисалы, суу ресурстары. Булар атайын сыр катары сакталат. Стратегиялык тийиштүү укуктук-ченемдик актыларга, стратегиялык программаларды колдонууда маалымат базалары өтө зарыл. Бул азык-түлүк, экономикалык жана улуттук коопсуздугубузга зор таасирин тийгизе турган чоң базалык байлыгыбыз.
— Суусамыр тарапта кара тикен баскан аянттар көбөйүп баратканы маалым. Ушундай эле канча гектар жерибиз кунарсыз же шор басканын, канча пайызы кунардуу экени да базага маалымат катары киреби?
— Айыл чарбасына эмне кирсе ошонун баары каттоого алынат. Мунун катарында айыл чарбасында канча жер аянты кунарсыз, шор баскан, канчасы кунардуу экени да каттоого алынат. Бул жаатта да каттоо иштерине тартылган ыктыярчыларга окутуп-түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Каттоонун эрежелерин так-даана жазганга аракет кылабыз.
— Муну менен катар дыйкандар кайсы үрөндү колдонуп, кайсы аймактарда кандай маданий өсүмдүктөр өстүрүлөрү да камтылат экен да?
— Ооба, эгемендик алгандан кийинки жылдары айыл чарбалары талкаланып кеткен. Союз учурунда Жер изилдөө институту иштечү эле. Кыргызстан Борбордук Азияда Жер изилдөө институту жок жалгыз мамлекет. Өлкөнүн ар кыл аймагында топурак кыртышы изилденип, маалымат сакталып турушу керек болчу. Учурда айыл чарба министри ушунун баарын иретке келтирүү жагын мойнуна алды.