On air

Sputnik
Кыргызда эр-азаматтар ит агытып, куш салып илгертен мергенчиликти турмушунун ажырагыс бир бөлүгү катары баалап келишкен. Мүнүшкөрлүк, саяпкерликтей эле тайганчы болуу да жогорку бааланган.
Тилекке каршы учурда карышкырга тиш салган ит тукумундагы жалгыз порода тайгандын, анын ичинде да тоо-ташка жүрүмдүү, сактыгы, дилгирлиги жана коркпогон эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланган кыргыз тайганынын азайып кеткенин айтышат. Ошентсе да адамдын досу болгон бул жаныбарларды аздектеп багып, таза кандуулугун сактап калууга бүтүндөй күчүн жумшаган адамдар арабызда жок эмес.
Биз “Спорт бокс” программасынын алкагында ата мурасы тайган асыроо өнөрү, аны үйрөтүү, спорттук мелдештерге катыштыруу жана башка тайган багууда түмөн түйшүк, кызыктуу фактылар тууралуу сүйлөштүк.