Садыр Жапаровду Астананын аэропортунан Токаев өзү тосуп алды. Видео

Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев Астананын аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду тосуп алды. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Казакстанга эки күндүк расмий сапар менен барды.

"Аба портунда сыйлуу меймандын урматына Ардактуу кароол тизилди", — деп айтылат маалыматта.

Сапардын алкагында президент Казакстандын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат. Ошондой эле Жапаров менен Токаевдин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Иш сапарга карата "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенциянын тегерек столу, кыргыз-казак жаштар форуму, Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция, окумуштуулардын "Кыргызстан менен Казакстандын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө илимдин өнүгүшүнүн келечеги" форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар арналган.
Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти. Делегациянын курамы