Захарова Байдендин жоругуна комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Израилге чабуул жасоого тыюу салган. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазып, видеосун жарыялады.
"Мен аларга түшүнүктүү кылып айттым, Хайфага тийишпегиле", — деген Американын азыркы лидери.
Кошмо Штаттардын президентинин мындай жоругуна РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берген.
"Бул адам эгерде дүйнө жүзүнө миллиарддаган долларлар менен куралдардын болуп көрбөгөндөй көлөмүн таратпай калса, күлкүлүү болуп калмак", — деген Захарова.
ЖМКлар Израиль Иранга дүйшөмбүдө жооп бериши мүмкүндүгүн жазууда