Радио

Токтобаев: суу ресурстары бир мекеменин алдына биригет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Мавланбек Токтобаев аталган тармактагы саясат тууралуу айтып берди.
Sputnik
Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Учурда таза суу, жер астындагы сууларды башкарууну Суу ресурстары башкармалыгынын балансына өткөрүп алуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Мавланбек Токтобаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта суу ресурстарын бир жерге топтоо маселеси Жогорку Кеңеште да бир нече ирет көтөрүлдү.
"Калкыбыздын 60 пайызы айыл жеринде жашайт. 2021-жылдагы суу тартыш болду. Ага чейин суу ресурстары тармагына каналдарды кармоо үчүн мамлекеттик бюджеттен болгону 200 миллион сомдун тегерегинде бөлүнсө, 2021-жылы президент кошумча дагы 200 миллион сом бөлүп берген. 2022-жылдан бери бир миллиард сомдой каражат бөлүнүүдө. Суу ресурстары боюнча министрлик же мамлекеттик мекеме куруу маселеси мурдатан эле бар. Буга чейин тармакты бир органга бекитип берүү боюнча иш жүрүп жаткан. Суу тармагын үч-төрт министрлик тейлеп келген. Таза суу департаменти мамлекеттик курулуш тармагына карайт. Жер астындагы сууларды жана суу ресурстарын башкаруу саясаты мурда Жаратылышты коргоо министрлигинде болчу. Азыр бул маселелердин баары каралып, биздин Суу ресурстар кызматына берилип жатат. Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 25-декабрдагы токтомунун негизинде кабыл алынып, иш процесси жүрүүдө. Муну кыска мөөнөттө эле ишке ашырып коюу да туура эмес. Анткени иш көп. Процесс этап-этабы менен ишке ашканы туура", — деди Токтобаев.
Ал союз таркаган маалда өзүнчө Суу чарба министрлиги болгонун кошумчалады.