Министрлик өкмөттөн акча алып ишкерлик кылчуларга каржы сабаттуулугун үйрөтүүдө

Аталган программанын негизинде ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлор ишкерлерге айына 40 миң сом алып келип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык контракт" программасына катышууну каалагандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутуу баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алгачкылары Чүй облусунда башталган. Анын бирине катышкан министр Гүлнара Баатырова аталган программанын негизинде ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлор ишкерлерге айына 40 миң сом алып келип жатканын белгилеген.
"Мамлекет менен социалдык келишим түзүүнү каалагандар окутуунун жүрүшүндө ишкердик, маркетинг жана финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча билим алышат. Практикалык сабактарда катышуучулар бизнес-пландарды түзүүнү уйрөнүшмөкчү", — деп жазылат кабарда.
Министрлик быйыл мамлекет 20 миңдей үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөөдө. Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын колдоосунда 3 миң үй-бүлө менен да ушундай эле келишим түзүлмөкчү.
Радио
Быйыл социалдык келишим менен 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет