Россия Таластагы билим берүү мекемелерине компьютер жана робот техникаларын берди

Россиядан келген делегаттар мектептерге жабдуу берип, ардагерлер менен жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын президенттик администрациясынын делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келгенин КРСУнун маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Россиянын президенттик администрациясынын делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келген

2 / 3

Белгилүү болгондой, Россия Федерациясынын башчысынын администрациясынын өкүлдөрү Талас облусуна барып, Ржев шаарына жакын жерде курман болгон советтик жоокер Мендеш Өмүралиевдин бейитине гүлчамбар коюшту.

3 / 3

Мындан тышкары, делегаттар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков менен жолугушту.

Белгилүү болгондой, Россия Федерациясынын башчысынын администрациясынын өкүлдөрү Талас облусуна барып, Ржев шаарына жакын жерде курман болгон советтик жоокер Мендеш Өмүралиевдин бейитине гүлчамбар коюшту. Мындан тышкары, делегаттар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков менен жолугушту.
"Талас мамлекеттик университетине Россиянын атынан 20 ноутбук, "Алтын түйүн" билим берүү мекемесине 20 комплект робототехника тапшырылган. Ошондой эле окуу процесси жана орус тилин үйрөнүү үчүн интерактивдүү такталар, принтерлер, ноутбуктар жана башка заманбап жабдуулар берилди. Белектерди берүү "Альянс Алтын" компаниясынын көмөгү менен ишке ашырылган", — деп жазылат маалыматта.
Делегациянын мүчөлөрү Таласка болгон сапар эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоо үчүн маанилүү кадам экенин кошумчалашты.
Бишкекте студенттер үчүн КРСУга караштуу “Жаштар” борбору ачылды. Видео