УКМК: адам органдарын сатып жүргөн трансулуттук топтун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөр адамдарды алдоо жолу менен ички органдарын сатууга азгырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Адам органдарын чет өлкөлөргө сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, К.А.К. аттуу жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акча (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Ал эми З.Р.З. анын шериги экени айтылууда. Алар адамдарды алдоо жолу менен ички органдарын сатууга азгырышкан.
"Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүшү зарыл болгонуна карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары, уюштуруучулар медициналык клиникага тапшыруу үчүн керек болгон документтерди коррупциялык жолдор аркылуу жасалмалашкан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле донорлор бир бөйрөк үчүн орто эсеп менен миңден жети миң долларга чейин, жалдоочулар ар бир донор үчүн үч миң долларга чейин алып келишкени белгиленди. Ал эми каналдын уюштуруучусуна 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин түшүп турган.
"17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду жөнөтүү учурунда "Манас" аэропортунун аймагынан К.А.К. жана З.Р.З. атуу кыргыз жарандары кармалды", — деп жазылат кабарда.
Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.
Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды