Министрлик ишеним каттарды аралыктан текшерүүгө болорун айтты

Нотариаттын 2.0 бирдиктүү маалыматтык системасы штаттык режимде иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Юстиция министрлигинин сайтында "ишеним катты текшерүү" баскычы пайда болгонун мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул берилген ишеним каттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалган.
"Юстиция министрлигинин сайтында "ишеним катты текшерүү" баскычы пайда болду. Жарандар сайт аркылуу нотариустар, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелердин кызмат адамдары тарабынан берилген ишеним каттарды текшере алат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле республика боюнча нотариаттын 2.0 бирдиктүү маалыматтык системасы штаттык режимде иштеп жатканы кошумчаланды.
Радио
"Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасы ишке кирди