Садыр Жапаров "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Сүрөт

Имараттын курулушу эки жыл мурда башталган. Эки кабаттуу объектинин жалпы аянты 1 600 чарчы метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышканын мамлекет башычынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров кыргыз тарыхында элдик оозеки чыгармалар ооздон оозго өтүп, куйма кулак тубаса элдик таланттар аркылуу элдин нарк-насили, каада-салты, үрп-адаты, тили, дили сакталып, урпактан урпакка уланып келе жатканын белгиледи.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышканын мамлекет башычынын маалымат кызматынан билдиришти

2 / 5

Жапаров кыргыз тарыхында элдик оозеки чыгармалар ооздон оозго өтүп, куйма кулак тубаса элдик таланттар аркылуу элдин нарк-насили, каада-салты, үрп-адаты, тили, дили сакталып, урпактан урпакка уланып келе жатканын белгиледи

3 / 5

Аны менен катар кыргыздын улуу инсандары, манасчылар, төкмөлөр калтырган мурасты кийинки урпактарга өткөрүп берүү максатында үч жыл мурда "Манас" театрын ачуу боюнча токтом кабыл алынып, көп өтпөй атайын жарлык менен "улуттук" макам ыйгарылганын эске салды

4 / 5

Андан соң мамлекет башчы театрдын жаңы имараты менен таанышып, "Семетейдин анты" прологун көрдү

5 / 5

Аталган театр 2021-жылдын сентябрында "Манас" эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн

Аны менен катар кыргыздын улуу инсандары, манасчылар, төкмөлөр калтырган мурасты кийинки урпактарга өткөрүп берүү максатында үч жыл мурда "Манас" театрын ачуу боюнча токтом кабыл алынып, көп өтпөй атайын жарлык менен "улуттук" макам ыйгарылганын эске салды. Андан соң мамлекет башчы театрдын жаңы имараты менен таанышып, "Семетейдин анты" прологун көрдү.
Аталган театр 2021-жылдын сентябрында "Манас" эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Президенттин жарлыгы менен 2022-жылы театрга "улуттук" макам берилген.
Ал эми имараттын курулушу эки жыл мурда башталган. Эки кабаттуу объектинин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Имаратта кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал бар.
"Манас Ордо" комплексинин директорлугуна сынак жарыяланды. Талаптар