Кыргызстан футзал боюнча Азия чемпиону болгон Японияны утуп алды. Видео

Беттеш акыркы секундаларга чейин курч мүнөздө өттү. Ата мекендик футзалчылар "самурайларды" 3:2 эсебинде жеңди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курамасы континенталдык кубокто Азиянын учурдагы чемпиону Японияны жеңип алды.
Таиландда өтүп жаткан турнирдин тайпалык этабынын биринчи оюнунда улуттук курама команда "самурайларды" 3:2 эсебинде утту. Голдорду Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди. Беттеш акыркы секундаларга чейин курч мүнөздө өттү. Бүтөрүнө үч мүнөт калганда япониялыктар эки гол киргизип, чабуулун улантышкан, бирок ата мекендик команда жеңиш эсебин сактап кала алды.
Эми Кыргызстан Тажикстан (20-апрель) жана Түштүк Корея (22-апрель) командалары менен ойнойт.
Азия кубогуна 16 команда катышууда, сегизи чейрек финалга чыгат (ар бир тайпанын экиден мыкты командасы).
Кыргызстан курамасы дүйнөлүк рейтингде 139 команданын ичинен 51-орунда турат жана Азия кубогуна тынымсыз катышып, бир гана жолу финалга чыга албай калган. 2005-жылы команда континенталдык чемпионатта коло медаль тагынган, бирок дүйнөлүк чемпионатка катыша элек.
Кыргыз футбол курамасы FIFA рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди