Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болду

Биримдик ичинде жүк жана эл ташуунун көлөмү жогорулоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болгону Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылды.
Биримдик ичинде жүк жана эл ташуунун көлөмү жогорулоодо.
Кыргызстанда январь-февраль айларында жүргүнчү ташуу жаатында өсүү байкалып, 11,2 пайызды түзгөн. Экинчи орунда 10,6 пайыз менен Россия турат. Жалпы жонунан уюмда бул көрсөткүч 10 пайызга жогорулаган.
Ал эми жүк ташуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө 0,9 пайызга көбөйдү. Мындан Кыргызстан 8,8 пайыз менен биринчи орунда, 1,6 пайыз өсүш менен Беларусь экинчи сапты ээлеген.
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу 6,6%га өстү