ИИМ Казакстандын полиция кызматкерлери үчүн гумжардам жөнөттү

Кыргызстан коңшу мамлекетте селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын 6-апрелде жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди.
50 тонналык жүктүн ичинде биринчи муктаждыктагы буюмдар, дары-дармек, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатыр, матрац, тамак-аш жана жууркан-төшөк бар.
1 / 3

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди

2 / 3

50 тонналык жүктүн ичинде биринчи муктаждыктагы буюмдар, дары-дармек, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатыр, матрац, тамак-аш жана жууркан-төшөк бар

3 / 3

Кыргызстан коңшу мамлекетте селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын 6-апрелде жөнөткөн

"Демилге кризис учурунда эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик колдоонун бир бөлүгү болуп саналат. Казакстандагы суу ташкынынын кесепети оор болду. Мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө көмөк болот деп үмүттөнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан коңшу мамлекетте селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын 6-апрелде жөнөткөн. Анда 15 фура 300 тонна жүк жеткирген. Эске салсак, суу Казакстандын жети облусун каптап, миңдеген жарандар үйүн таштап башка жакка көчүрүлүүдө.
Россия менен Казакстандагы суу каптоолор. Учурда абал кандай?