Россия: БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилге санкция киргизүүнү карашы керек

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Газа секторунда Рамазан айында ок атууну токтотуу талабы камтылган резолюцияны аткарбаган Израилге санкция киргизүү маселеси токтоосуз каралышы керек. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Коопсуздук кеңешинин жыйында айтканын РИА Новости жазды.
"Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын аткарылбаганы талапты бузган тарапка санкция киргизүү менен шартталышы керектигин дагы бир ирет эскертебиз. Биздин пикирибизде Кеңеш бул маселени токтоосуз карап чыгышы керек", — деген дипломат.
Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа секторунда Рамазан айында ок атууну токтотуу боюнча №2728 резолюциясы аткарылбаганын эске салды.
Эки жүздүүлүктүн парады. Небензя Батыштын БУУдагы билдирүүсү тууралуу