19-апрелге карата аба ырайы

19-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жума күнү Баткен менен Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, ал эми Ош, Баткен, Нарын жергесинин тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ош калаасында +25...+27 градуска жетет.
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы