Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Камчы Көлбаевдин аукционго коюлган мүлкү Ататүрк паркынын аймагында экенин бүгүнкү жыйында билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэри Ататүрк паркынын аймагындагы мыйзамсыз берилген жерлер кайтарыла турганын айткан. Ал эми кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун мүлкү аукционго коюларын маалымдады. Бекешевдин айтымында, тоорукка коюлган жер тилкенин бири Ататүрк сейил багында. "Токтоналиев, 94 дарегинде жайгашкан жер тилке аукционго коюлган. Ал Ататүрк паркынын чек арасында жайгашып, Камчы Көлбаевден алынган. Бул боюнча менде бардык маалыматтар бар. Башка жарандардын жерин алып, мамлекет аукцион жарыялап, 18 миллион сомго сатса боло береби? Бул карама-каршылык. Эгер тыюу салынса, анда баарына бирдей болушу зарыл. Бул жерди аукциондон чыгарып, Ататүрк паркына өткөрүп бергиле деген өтүнүчүм бар", — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго. Белгилей кетсек, кеп сейил бактын аймагындагы 94,6 миң чарчы метрлик жер тилке тууралуу болууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык контракт" программасына катышууну каалагандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутуу баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, алгачкылары Чүй облусунда башталган. Анын бирине катышкан министр Гүлнара Баатырова аталган программанын негизинде ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлор ишкерлерге айына 40 миң сом алып келип жатканын белгилеген. Мамлекет менен социалдык келишим түзүүнү каалагандар окутуунун жүрүшүндө ишкердик, маркетинг жана финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча билим алышат. Практикалык сабактарда катышуучулар бизнес-пландарды түзүүнү уйрөнүшмөкчү.
Юстиция министрлигинин сайтында "ишеним катты текшерүү" баскычы пайда болгонун мекемеден билдиришти. Жарандар сайт аркылуу нотариустар, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелердин кызмат адамдары тарабынан берилген ишеним каттарды текшере алат.Маалыматка ылайык, бул берилген ишеним каттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалган.
Бүгүн, 18-апрелде, Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталат. Бул турнирдин 17-чыгарылышы. Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду. Бишкек сааты боюнча Япония менен Кыргызстандын беттеши — 18-апрелде саат 17:00дө; Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши — 20-апрелде саат 13:00дө; Түштүк Корея менен Кыргызстан — 22-апрель, саат 17:00до болот. Азия кубогуна 16 команда катышат, чейрек финалга сегизи (ар бир группадан эң мыкты делген эки команда) чыгат. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 139 топтун ичинде 51-орунда турат. Ата мекендик команда Азия кубогуна дайыма катышып келет, финалдык баскычтан бир гана жолу өтө албай калган. 2005-жылы контингенттин биринчилигинде коло медаль уткан. Бирок дүйнөлүк чемпионатка азырынча катыша элек.