КРСУ өзгөчө статуска ээ болду. Макам университетке эмне берет

Sputnik
20-мартта президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 18-июлундагы "Билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, Кыргыз-Россия Славян университети өзгөчө статуска ээ болду.Мындай өзгөртүүлөр каржылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо, билим берүү уюмдарынын дүйнөлүк рыноктогу потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында киргизилген.
Макам университетке эмне берет? Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу кандай?
Суроолорубузга КРСУнун юридикалык факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты Бекбосун Бөрүбашовдон жооп алдык.