Улуттук банк валюта рыногунан доллар сатып алды. Курска кандай таасир этти?

Бир айдын ичинде Улуттук банк 45,3 миллион доллар сатып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Күн мурун Улуттук банк валюта рыногунан 19,2 миллион доллар сатып алды.
16-апрелдин таңына салыштырмалуу бүгүн доллардын орточо сатуу курсу 3 тыйынга төмөндөп, 89,81 сомду түзүп, 89,65тен 89,87 сомго чейин болууда.
Улуттук банк валютанын курсун текшилөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет.
Жыл башынан бери Улуттук банк беш интервенция өткөрдү: эки жолу сатса, үч жолу чет элдик валютаны сатып алган.
Кыргызстандан 105 млн. доллардан ашык акча которулган. Эки айдын көрсөткүчү