Кыргызстанда "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити киргизилди

Документке ылайык, ар бир тоголок жетим бала 18 жашка толгондо 500 миң сомдон кем эмес каражат алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Максаты — тоголок жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу.
Документте төмөнкүлөр каралган:
2024-жылдын 1-июнунан тартып тоголок жетим калган ар бир балага (Кыргызстандын жаранына жана кайрылманга) "Айыл Банк" ААКта "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити киргизилет;
Депозиттеги каражатты 18 жашка толгондон кийин пайдалана алат жана ден соолугуна, жашоо шартын жакшыртууга же билим алууга жумшай турганын өзү чечет;
"Келечекке салым" депозити жыл сайын республикалык бюджеттен толукталат;
ар бир тоголок жетим бала 18 жашка толгондо 500 миң сомдон кем эмес каражат алат.
Радио
Өлкөдөгү банктардын депозиттик базасынын суммасы 450 млрд. сомдон ашты