Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга батирдин ачкычы менен аскердик техника тапшырды

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлерге арналып куран окулган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.
Комитеттин маалымат кызматы көп кабаттуу үйдө 67 батир бар экенин билдирди.
Ташиев өз сөзүндө президенттин тапшырмасы менен курулуштар, аскерлердин жашоо шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да кызуу уланарын айтып, ошол эле учурда аскерлерге коюлган милдеттер да күчөтүлөрүн белгилеген.
1 / 3

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

2 / 3

Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды

3 / 3

Буга катар Ташиев чек арачылар үчүн алынган 25 жаңы атайын аскердик техника да тапшырган. Заманбап үлгүдөгү автоунаалар өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө таратылууда.

Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды.
Буга катар Ташиев чек арачылар үчүн алынган 25 жаңы атайын аскердик техника да тапшырган. Заманбап үлгүдөгү автоунаалар өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө таратылууда.
Ачылыш аземинин жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлерге арналып куран окулуп, эстеликтерине гүл коюлду.
Нарында көп кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды