Кыргызстанда TikTok ресурсун чектөө боюнча чечим кабыл алынганы тастыкталды

Бийлик буга чейин, былтыр да сервистин ишин чектөөгө аракет кылып, бирок кайра токтоп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда TikTok ресурсун чектөө боюнча чечим кабыл алынганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.
Аталган ведомство мындай кат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен келгенин билдирди.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстандын интернет-провайдерлерине TikTok платформасын чектөө боюнча кат жөнөткөнү кечээ айтылган.
"Мындай чечим чыгарууга TikTok тарабынан "Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамда каралган шарттар сакталбаганы себеп болгон. Мыйзамда кандай маалыматтар балдардын саламаттыгына, өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизери аныкталып, көрсөтүлгөн", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эске салсак, TikTok ресурсун жабуу боюнча бийлик 2023-жылдын августунда аракет кылган. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай чечим кабыл алууга бир катар кайрылуулар негиз болду деген жүйө келтирген. Ведомство аларга айрым бейөкмөт уюмдардан TikTok социалдык тармагынын "балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулар" келип түшкөнүн айткан.
Бирок кийинчерээк Санарип министрлигинин байланыш тармагын көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев маалымат жыйын учурунда аталган ресурстун жабылбай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ташиев спикердин чет тилдеги мультфильмдерге бөгөт коюу сунушун колдогон жок