Кыргызстандан Шарджа жана Дубайга учкан каттамдар токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. БАЭде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шарджа жана Дубайга каттаган рейстер токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Мындан тышкары, Абу-Дабиге учуучу учак 18:50гө чейин кармалып калган.
Эске салсак, Дубай аэропорту селден улам ишин токтоткон. Шаарда нөшөрлөп жааган жамгыр эртеңкиге чейин уланышы мүмкүн. Дубайдын жолдору менен метролорун да суу каптады.
Жалал-Абад: короолорду жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо