Көлбаев менен Матраимовдун мүлкү аукционго коюлду

Сатыкка жалпы жонунан 10 объект чыгарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун активдери аукционго коюлду. Тиешелүү жарыя Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик чыгарды.
Жалпы жонунан 10 объект коюлду. Эң кымбаты Ош шаарындагы турак жайга кирбеген имараттар болуп саналат. Анын баштапкы баасы 149,8 миллион сомго бааланды. Дагы бири — Чолпон-Атадагы 142,7 миллион сомго бааланган жер тилкеси. Эң арзаны — 5 миллион сомдук Оштогу эки бөлмөлүү батир.
Арыздарды кабыл алуу 29-апрелде аяктайт.
Толук маалымат менен кенен таанышып алууга болот.
Ташиев: Райым Матраимовдон 200 млн. доллардай алынат. Видео