Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жаалы күч "Форпост-РУ" жана анын чабыты. Инфографика

Sputnik
Россиянын чалгындап-сокку уруучу пилотсуз учкан "Форпост-РУ" аппараты кайрадан каршылашка ууга чыкты. Бул сапар техниканы Харьков облусунан байкашкан. Эки күндүн ичинде Россиянын армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн техникасына жана позицияларына бир топ майнаптуу сокку урган.
"Форпост-РУ" атайын операцияга башталгандан тарта катышып келет. Ал жерди чалгындоо жана байкоо салуу, сүрөт, картография, көктөн сүрөткө тартуу милдеттерин аткарат. Дрон душмандын радиоэлектрондук коргоо түйүндөрүн таап, радиотоскоолдуктарды жаратып, радиосигналдарды да кармай алат. 2022-жылдын март айында РФтин Коргоо министрлиги Киевден 60 чакырым аралыкта украиналык С-300 зениттик-ракеталык комплексти жок кылгандыгын билдирген.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, "Форпост" аталган мамлекеттин күчтөрүндө натыйжалуулугун көрсөткөн. Террорчулар жайгашкан жерлерге жашыруун байкоо салуу жана көзөмөлгө алууга пайдаланылып, аппараттын аскердик тушоосу Сирияда кесилген.
Дрон Кара деңиз жээгинде да кайгуулга адистешкен, оптикалык, радиотехникалык, радиолокациялык каражаттарды пайдалануу менен күнү-түнү чалгындап, согуштук кемелерге, жээктеги ракеталык комплекстерге буталарын белгилеп бере алат. Пилотсуз аппаратты жасоо Уралдагы жарандык авиация заводунда израилдик IAI Searcher Mk II пилотсуз техникасынын лицензияланган көчүрмөсүнүн негизинде жасалат. "Форпост-РУда" анын сырткы көрүнүшү гана сакталып калган. 2010-жылдардын соңунда дрон толугу менен импортту алмаштырган.
"Форпост-РУнун" жаңыдан пайда болушун Украинанын абадан кол салуусунун начарлаган абалы менен байланыштырып жатышат. Украиналык агитация Россия армиясынын ондогон учактарын "атып түшүрдү" деген маалыматты таратып жүргөндө, бул дрондор украиналык системаларды Харьков, Чернигов жана Сумы облустарында талкалап жатты.
Соңку эки жыл ичинде Россиянын Куралдуу күчтөрү каршылаш тараптын П-18 радиолокациялык 8 системасы менен бир нече зениттик артиллериялык комплекстерин "тынчыткан". Алардын ичинде немецтик IRIS-T SLM ракеталары бар. Бул видеого түшүп калган гана учурлар. Харьков багытындагы орто бийиктиктеги чабуулчу дрондорду колдонуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кадамын бир топ жайлатууда.