Кенелер ойгонду, этият болуңуз! Энцефалиттин белгилери тизмектелди

Кене көбүнчө кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белден ылдый жерге көп жабышат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кенелер активдүү мезгилине киргендигин эскертет.
"Кене энцефалити — биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Анын кесепетинен адам майыптыкка жана өлүмгө да дуушар болушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кенеден жуккан оорунун инкубациялык мөөнөтү адатта бир күндөн 14 күнгө, кээде 60 күнгө чейин созуларын билдирди.
Кене энцефалитине чалдыккан учурда адам чыйрыгып, башы катуу ооруп, жүрөгү айланып, кусуп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт. Көбүнчө моюн жана ийин ооруксунуп, көкүрөк, бел жана кол-буттун булчуңдары ооруйт. Бейтаптын бети кызарып, кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.
Адистер эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо тез арада дарыгерге кайрылуу зарылдыгын эскертет.
Кенеден сактануу үчүн жаратылышта эс алууда түстүү кийим кийип, шымды өтүктүн ичине же байпакка кыстарып коюу зарыл. Ал эми үстүңкү кийимди шымдап алуу керек. Ошондой эле дененин ачык жерлерине курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем сүйкөп туруу керек.
Дарыгер муун ооруларынын күтүүсүз эки себебин атады