"Эл үмүтү" стипендиясына документтер качан кабыл алынары айтылды

Аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Эл үмүтү" стипендиясына документтер 1-майдан тарта кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, документтер 30-майга чейин кабыл алынмакчы. Аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат.
"Бул стипендияга жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия каралган", — деп жазылат маалыматта.
Сынакка катышуу шарттары жана керектүү документтер боюнча кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу edu.gov.kg кирип тааныша аласыз.
"Эл үмүтү" стипендиясына магистратурада окууга 40 жашка, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандарына уруксат берилет. Чет өлкөдө билим ала турган талапкердин окуу акысы 50 миң доллардан ашпашы керек.
Стипендия алгысы келгендер эки турдан турган сынактан өтөт. Биринчисинде документтер кабыл алынып Билим берүү жана илим министрлигинде текшерилсе, экинчисинде "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссияда каралат.
Радио
Казиева: 12 жылдык системада жогорку класстарга кесиптик билим берүү каралат