Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин көз караштарынын дуэли болду. Видео

Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн беттеш 1-июнда Эр-Риядда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Лондондо бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол менен нокаутчу Артур Бетербиевдин көз караштар таймашы болду.
Спортчулар жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн боло турган беттешке арналган маалымат жыйынын өткөрүштү.
Турнир 1-июнда Эр-Риядда өтөт.
Бетербиев 20 беттеш өткөрүп, баарында атаандаштарын нокаут менен жеңген. Токмок шаарынан чыккан Бивол 22 атаандашынын 11ин нокаут менен уткан.
Кыргызстандык боксчу Россияда өспүрүмдөр арасындагы турнирде жеңди