Радио

Өлкөдөгү банктардын депозиттик базасынын суммасы 450 млрд. сомдон ашты

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев банктардагы депозиттик базанын көбөйүшүнө өлкөдөгү экономикалык жана финансылык стабилдүүлүк өбөлгө болуп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын банктарынын депозиттик базасынын суммасы 450 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүп, элдин банк секторуна ишеними жогору экендигинен кабар берерин Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, банктарга акча сактоо тенденциясына Улуттук банктын акча каражаттары боюнча жүргүзгөн саясатынын жана депозиттерди кепилдөөнүн суммасынын жогорулаганы да себеп болууда.
"Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасынын суммасы 450 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүп, элдин банк секторуна ишеними жогору экендигинен кабар берет. Мындан тышкары, Улуттук банктын акча каражаттары боюнча жүргүзгөн саясатынын жана депозиттерди кепилдөөнүн суммасынын жогорулаганы, өлкөдөгү экономикалык жана финансылык стабилдүүлүк банктардагы депозиттик базанын көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Депозиттик каражаттардын 168 миллиард сому юридикалык жактарга, 164 миллиард сом жеке жактарга, 50 миллиард сом мамлекеттик органдарга тиешелүү болсо, резидент эмес жактардын депозиттик суммасы 65 миллиард сомго жетет", — деди Букуев.
Ошондой эле адис банктардагы депозиттик сумманын көбөйүшү чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да ыңгайлуу болорун кошумчалады.