Бишкекте "Ленинград блокадасын эскерүү" темасында дил баян жазгандар сыйланды

Долбоордун максаты — жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо жана өз тарыхын унуттурбоо.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкекте "Ленинград блокадасын эскерүү" темасында дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү жана "Ленинград блокадасынын чеги" эл аралык долбоорунун активдүү катышуучулары сыйланды.
Мектеп окуучулары жана студенттери Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин башчысы Евгений Григорьевдин колунан сертификаттарды алышты.
Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун башчысы Марат Кутанов долбоордун максаты жаштарды патриоттукка тарбиялоо экенин белгиледи.
Санкт-Петербургда Токтогон Алтыбасарованын элеси түбөлүккө сакталат