Ак калпак кийген япон балбандары коомчулуктун көңүлүн бурду

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 11-16-апрель күндөрү болуп өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Азия чемпионатында жеңишке жеткен япон балбандары ак калпак кийип, коомчулуктун көңүлүн бурду.
82 килограмм салмакта күрөшкөн Тайдзо Йошида
82 килограмм салмакта күрөшкөн Тайдзо Йошида ирандык балбанды утуп алтын тагынды. Өзүнүн желегин спортчу калпакчан болуп жамынып чыккан.
Япон балбаны Шинго Харада
Ал эми Шинго Харада 72 килограмм салмак категориясында финалдык беттеште дагы бир ирандык атаандашын артта калтырып биринчиликти багындырды. Бул балбан да байге тапшыруу аземине калпак кийип чыккан.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 11-16-апрель күндөрү болуп өттү.
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду