Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Bloomberg: АКШнын чечкинсиздиги жеңишти Россияга оодарууда

Журналист башында Путин турган Россия мурдагысындай эле атайын операцияда коюлган максатына жетүүгө белсенип турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Киевди финансылык жактан колдоодогу аныкталбаган позициясы жана Украинага курал берүү чечиминин жоктугу тараза ташын Россияга оодуруп жатат. Бул туурасында Bloomberg басылмасынын баяндамачысы Энтони Хэлпиндин жазганын РИА Новости билдирди.
"Согуш үч жылдан бери уланууда, Батыш Украинага колдоо көрсөтүп, Россияга — өзөктүк державага каршы туруу маселесинде экиге бөлүнүүдө", — деген ал.
Журналист башында президент Владимир Путин турган Россия мурдагысындай эле атайын операцияда коюлган максатына жетүүгө белсенип турганын, Батыш салган санкция басымынын шартында өзүнүн экономикасын, өнөр жайын жөнгө салып кете алганын белгилеген. Баяндамачы бул нерсе россиялык армияга согушта күчүнө күч кошуп, дем берерин кошумчалаган.
Муну менен катар автор окурмандарга Украинага делген 60 миллиард доллар суммасындагы финансылык жардамдын берилер-берилбеси АКШнын Конгрессинде дагы деле чечилбей турганын эске салган.
"АКШ менен Европанын ушул фондогу чечкинсиздигинде Путиндин ташы өйдө кулап баратканы кандайдыр бир белгисиздикти жаратууда", — деген Хэлпин.
Москва Батыш Россияга салып келген жана Украинада башталган атайын операциядан кийин дагы катуулаткан санкциялардан чыгып кетерин бир нече жолу айткан. Муну менен катар эле Путин ошол санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун белгилеген. Батыш мамлекеттеринин өздөрүндө антироссиялык бул чектөөлөрдүн майнапсыз болуп жатканы боюнча пикирлер бир эмес, бир канча жолу айтылган.
Кремль Батыштын Украинаны тишине чейин куралдандыруу жана акча менен камсыздоо сүйлөшүү процесстеринин башталып, аягына чыгышын кечеңдеткенден башка пайда алып келбестигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Кетиш керек". Украиналык эксперт согуштун соңу тууралуу айтты