12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоору даярдалды

Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.
Ведомствонун маалыматына ылайык, токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Ал үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат.
Долбоордо жазылган негизги учурлар:
2024-жылдын 1-июлуна чейин 12 жылдык билим берүүнүн концепциясы иштелип чыгышы керек;
1-сентябрга — мамлекеттик билим берүү стандарты;
1-октябрга — базистик окуу планы;
2026-жылдын 1-апрелине карата – мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды электрондук каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2026-жылдын 1-августуна чейин окуу китептерин жаңылоо керек.
Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке алып, анализ жүргүзүүнү пландоодо. Мугалимдер да жумушка алынмакчы.
Ошондой эле коомдук талкуу порталына жайгаштырылган токтом долбооруна бардык каалоочулар сунуш жөнөтө алары кошумчаланган. Ал үчүн сайтка катталып, авторизациядан өтүү зарыл.
Радио
Казиева: 12 жылдык системада жогорку класстарга кесиптик билим берүү каралат