7-апрелден тарта ЕАЭБге эт жана эт азыктары жаңы техрегламент менен жөнөтүлөт. Кандай өзгөрүүлөр киргизилди?

Sputnik
7-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндө эт жана эт азыктарына карата техникалык регламентке өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Маалыматка ылайык, эми эт жана эт азыктарындагы белоктун курамы этикеткада көрсөтүлгөндөн 80 пайыздан кем эмес болушу шарт. Техникалык регламентине дагы кандай конкреттүү өзгөртүүлөр киргизилди? Бул талаптар эмне үчүн коюлуп жатат? Өзгөрүүлөр эт азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө кандай таасир этет?Ушул жана башка суроолордун айланасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков менен Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде кеп кылдык.