Улуттук геология тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд. сом бөлүнөт — кандай иштер жасалышы керек?

Sputnik
Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук геология тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүндү. Бөлүнгөн акча мамлекеттин минералдык-сырьелук базасын толуктоого жана көбөйтүүгө сарпталары белгиленди. Тагыраагы, геологиялык илимий-изилдɵɵ иштерин жүргүзүүгө, геофизикалык жана атайын бургулоочу жабдууларды алууга, пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана баалоого, адистерди даярдоого, жаңы кендерди ачууга пайдаланылмакчы.Бөлүнгөн каражат геология тармагынын өнүгүшүнө кандай таасир этеринТоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков пикири менен бөлүштү.