Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Спортчу килем бетинде 60 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жоламан Шаршенбеков япониялык Каито Инабаны 11:0 эсеби менен утуп үчүнчү жолу Азия чемпиону болду.
Аталган турнир Бишкек шаарында өтүп жатат.
Спортчу килем бетинде 60 килограмм салмакта күрөшүп, финалга чейин индонезиялык, өзбекстандык, ирандык балбандарды уткан.
Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков буга чейин эки жолу континенттин биринчилигин багындырган.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынан күмүш медаль утту