Жалал-Абад: короолорду жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо

Кечээ Кыргызгидромет айрым аймактарда сел жүрүү кооптуулугу бар экенин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Нөшөрлөгөн жаандан улам Жалал-Абад шаарындагы арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн каптоодо. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1 / 2

Нөшөрлөгөн жаандан улам Жалал-Абад шаарындагы арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн каптоодо

2 / 2

Маалыматка ылайык, жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел атайын техника менен сордурулуп жатат

Маалыматка ылайык, жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел атайын техника менен сордурулуп жатат.
Кошумча маалымат берилери айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин синоптиктер катуу жааган жаанга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экенин эскерткен.
Радио
Кыргызстанда табигый кырсыктын кооптуулугу күч аймакта 3 800 үй-бүлө жашайт