Жалал-Абаддагы курулуш материалдарын чыгарган ишкана жаңыланды

Ишкана чийки затты майдалоодон баштап, даяр продукция чыгарган өндүрүштү түзгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Жалал-Абаддагы курулуш материалдарын чыгарган компания жаңыланды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан компанияга 270 миң доллар бөлүнгөн. Натыйжада ишкана чийки затты майдалоодон баштап даяр продукция чыгарган өндүрүштү түзгөн.
"Алардын продукциясы чет элдик аналогдордон арзан, сапаты жагынан кем калышпайт. Ал эми өндүрүштүн көлөмү көбөйтүлгөн. Буга чейин товар Жалал-Абад облусунда гана сатылса, эми өлкө боюнча сата алат жана импортту алмаштырууга дагы чоң салым кошот", — деп жазылган маалыматта.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду коммерциялык банктар аркылуу ири долбоорлорду эле эмес, чакан жана орто бизнести дагы каржылай турганы кошумчаланды.
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу 6,6%га өстү