Тажикстан түркиялыктарга виза режимин киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Тажикстанга түркиялыктар эми виза менен кирип калат. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.
Жаңы эреже бир нече күндөн кийин, тагыраагы, 20-апрелден тарта иштей баштайт. Тажикстандын ТИМи мындай чечим өз ара иштешүү принциби боюнча кабыл алынганын айткан.
Буга чейин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган тажикстандыктар үчүн визасыз режимди жокко чыгарган эле. Алар да 20-апрелди белгилеген.
Иран 32 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин бир тараптуу жокко чыгарды